ЖРТГА ДАЯРДЫК БОЮНЧА КОЛДОНМО

Dayardan кантип иштейт?

Тестти тандаңыз, суроолорго жооп бериңиз жана жыйынтыгыңызды талдаңыз. Dayardan менен даярдык ушундай жөнөкөй.

Төмөндө ар бир кадамды мисалдар менен түшүндүрөбүз.

Даярдык жолуңуз

Башынан жыйынтыкка чейин

3 кадам
  1. Тестти тандаңыз

    01

    Сынамык ЖРТ тестин тандап, даярдыкты баштаңыз.

  2. Тесттен өтүңүз

    02

    Суроолорго жооп берип, билимиңизди текшериңиз.

  3. Жыйынтыкты көрүңүз

    03

    Натыйжаңызды жана алсыз темаларыңызды билиңиз.

Натыйжаңызды талдап, кийинки кадамды аныктаңыз.

01 / ТЕСТТИ ТАНДОО

Кайсы тесттен баштасаңыз болот?

Алгач максатыңызды аныктаңыз: жалпы даярдыгыңызды текшересизби же белгилүү бир теманы жакшыртасызбы?

Кайсынысын тандоону билбей жатсаңыз, адегенде толук ЖРТ тестинен баштап көрүңүз.

Жалпы даярдык

Толук ЖРТ тести

Сынак форматына жакын шартта тест тапшырып, жалпы билимиңизди текшериңиз.

Толук ЖРТ тесттериМисал
Тестти издөө
ЖРТ

Сынамык тест

Вариантты тандаңыз

Жалпы деңгээлиңизди текшерүү
Убакыт менен машыгуу
Толук тесттерди көрүү
Тема боюнча

Тематикалык машыгуу

Өзүңүзгө керектүү предметти же багытты тандап, билимиңизди бекемдеңиз.

БагыттарМисал
Предметти издөө
Математика
Аналогия
Окуп түшүнүү
Керектүү предметти тандоо
Алсыз темаларга көңүл буруу
Багыттарды көрүү

02 / ТЕСТТЕН ӨТҮҮ

Тест кандай өтөт?

Суроолорго жооп берип, алардын арасында өтүңүз. Төмөнкү мисалды колдонуп, тесттин интерфейси менен таанышыңыз.

КАДАМ 01

Суроону окуңуз

Суроонун шартын окуп, жооптордун варианттарын караңыз.

КАДАМ 02

Жоопту тандаңыз

Туура деп эсептеген вариантыңызды басып белгилеңиз.

КАДАМ 03

Кийинки суроого өтүңүз

Керек болсо мурунку суроого кайтып, жоопту өзгөртүңүз.

Убакыт чеги бар тесттерде калган убакыт көрсөтүлөт. Убактыңызды туура бөлүштүрүңүз.

Тесттин интерфейси

Интерактивдүү мисал

ДЕМО

Математика

Суроо 1 / 2

24:35

1-СУРОО

200 санынын 15% канча?

1 / 2

Бул таанышуу үчүн гана мисал. Жооптор серверге жөнөтүлбөйт, таймер иштебейт.

03 / ЖЫЙЫНТЫКТЫ ТАЛДОО

Тесттен кийин эмне болот?

Тестти бүтүрүү — даярдыктын бир гана бөлүгү. Жыйынтыкты талдап, кайсы темаларды жакшыртуу керектигин билиңиз.

  1. КАДАМ 01

    Жыйынтыкты көрүңүз

    Канча суроого туура, ката же такыр жооп бербегениңизди билиңиз.

  2. КАДАМ 02

    Каталарыңызды талдаңыз

    Ката кеткен суроолорду кайра карап, туура жоопторду текшериңиз.

  3. КАДАМ 03

    Алсыз темаларды аныктаңыз

    Кайсы темаларга көбүрөөк көңүл буруу керектигин билип, даярдыкты улантыңыз.

Кичинекей кеңеш

Жалпы баллга гана карабаңыз. Ката кеткен суроолорду талдоо кийинки даярдыкты туура пландаштырууга жардам берет.

Тесттин жыйынтыгы

Натыйжалардын мисалы

МИСАЛ
72%туура жооп

18 / 25 суроого туура жооп

Бул жерде туура жооптордун үлүшү көрсөтүлгөн. ЖРТнын расмий баллы эмес.

Тест аяктады
Туура

18

суроо

Ката

5

суроо

Жоопсуз

2

суроо

Көңүл буруучу темалар

Кайсы темаларды кайталоо керек?

Пайыздар40%
Аналогиялар55%

Бардык сандар жана темалар мисал катары берилген. Чыныгы жыйынтык тапшырган тестиңизге жараша өзгөрөт.

СУРОО-ЖООП

Көп берилүүчү суроолор

Тест тандоо, тапшыруу жана жыйынтыктар боюнча негизги суроолорго жооптор.

Кеңеш

Биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, жогорудагы интерактивдүү мисалды байкап көрүңүз. Андан кийин өзүңүзгө ылайыктуу тестти тандаңыз.

Кайсы тесттен баштасам болот?

Жалпы даярдык деңгээлиңизди текшергиңиз келсе, толук ЖРТ тестинен баштаңыз. Белгилүү бир предмет же багыт боюнча машыккыңыз келсе, тематикалык тесттерди тандаңыз.

Тест учурунда жоопту өзгөртсөм болобу?

Жогорудагы интерактивдүү мисалда мурунку суроого кайтып, тандалган жоопту өзгөртө аласыз. Чыныгы тесттеги мүмкүнчүлүктөр тесттин эрежелерине жараша болот.

Тестте убакыт чеги болобу?

Убакыт чеги коюлган тесттерде калган убакыт көрсөтүлөт. Тестти баштаардан мурун анын шарттары менен таанышып алыңыз.

Тестти бүткөндөн кийин эмнени көрөм?

Жыйынтык бөлүмүндө туура, ката жана жооп берилбеген суроолор боюнча маалыматты көрө аласыз. Бул даярдык деңгээлиңизди баалоого жардам берет.

Каталарымды кантип талдайм?

Тесттен кийинки талдоо бөлүмүндө ката кеткен суроолорду карап, кайсы темаларга көбүрөөк көңүл буруу керектигин аныктай аласыз.

Тестти бүтпөй чыксам эмне болот?

Эгер аккаунтуңузда бүтө элек активдүү тест болсо, башкы бетте аны улантуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.

Сынамык тесттин жыйынтыгы расмий ЖРТ баллыбы?

Жок. Dayardanдагы сынамык тесттер даярдыгыңызды текшерүү үчүн арналган. Алардын жыйынтыгы расмий ЖРТ баллы болуп эсептелбейт.

Кантип иштейт? | Dayardan